[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Акын жана ырчылар
ЛедиДата: Понедельник, 27.04.2015, 20:45 | Сообщение # 1
Пользователь
Группа: Пользователи
Сообщений: 23
Репутация: 0
Статус: Offline
Токтогул Сатылганов Токтогул районунда 1864-жылы 25-октябрда туулган. 13 жашка чыккандан тартып, айыл аралап, ырдай баштайт. Анын алгачкы ырлары –“Эмне кызык», «Гүлдөп ал», “Алымкан» сыяктуу ж.б. лирикалык ырлар болуп саналат.
1882-жылы Токтогул Дыйканбай манаптын ырчысы Арзымат менен беттешип аны жеңет. Ошондон тартып акын элге таанылып, атагы чыгат.
Бай-манаптар акынды ырчы кылууга аракет жасашат. Бирок, алардын оюна көнбөгөндөн кийин, Бактияр баш болгон бий-болуштар «Токтогул Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан» деген жалаа менен 1898-жылы акынды каматышат. Убактылуу согуштук сот Токтогулду адегенде өлүм жазасына буйрат, кийинчерээк ал жети жылдык сүргүн жумушу менен алмаштырылат.
Токтогул түрмөдөн качууга жасаган аракети иш жүзүнө ашпай калгандан кийин, анын түрмөлүк мөөнөтү жети жылдан он эки жылга узартылат. Акын экинчи жолу орус революционерлеринин жардамы менен 1910-жылы түрмөдөн качып чыгат.
Акын жаңы заманга, В.И.Ленинге арнап ырларды жараткан.
1968-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык белгиленген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кедейкан. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 173 б.

Токтогулдун ырлары.-Ф.: Кыргызмамбас, 1938.-100 б.

Токтогулдун ырлары жана Калыктын эстеликтери. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 95 б.

Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 264 б.

Чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 392 б.

Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 392 б.

Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 344 б.

Чыгармалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 325 б.

Жашагын кеңеш өкмөт: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 69 б.

Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы: 1–2-т. – Ф.: Кыргызстан, 1964.

Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 15 б.

Эшен-калпа: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1964.

Алымкан: – Ф.: Мектеп, 1965. – 76 б.

Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 110 б.

Үлгү ыр. – Ф.: Мектеп, 1965. – 76 б.

Чыгармаларынын 2 томдук жыйнагы: 1–2-т. – Ф.: Кыргызстан, 1968.

Ленин жөнүндө ыр. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 38 б.

Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 95 б.

Насыят: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 39 б.

Насыят: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 40 б.

Санат ырлары. – Ф.: Мектеп, 1985. – 20 б.

Тандалмалар: Ырлар – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 332 б. /Түзгөн жана баш сөзүн жазган Ж.Таштемиров.

Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 130 б.

Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы: Ырлар. 1-т. – Ф.: Адабият, 1989. – 263 б.

Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы: Ырлар. 2-т. – Ф.: Адабият, 1989. – 263 б.

Кандай аял тууду экен Лениндей уулду: Ыр. – Ф.: Адабият, 1989. – 31 б.


Прикрепления: 8081487.jpg (75.3 Kb)


Думай позитивно ...

Сообщение отредактировал Леди - Понедельник, 27.04.2015, 20:46
 
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: