Леди | Дата: Понедельник, 27.04.2015, 20:58 | Сообщение # 1 |
 Пользователь
Группа: Пользователи
Сообщений: 23
Статус: Offline
| Баатыр (иранча бахадур — эр, кайраттуу) — эпикалык душманга каршы күрөшүүдө, салгылашууда жоокердик эрдик көрсөткөн, ар кандай коркунучтуу тоскоолдуктардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк адамдарга карата айтылат. Кыргыздар байыртан эле Баатырдыгы, жоокердиги менен белгилүү эл. Жоокердик курал-жарак жокко эсе кезиндеги согуштарда ийгилик, жеңиш жалгыз гана Б-дыкка, эрдикке негизделген, бүт элдин Баатырдыгы менен чечилген. Мындай бүт элге мүнөздүү эрдик, Бдык аркалуу гана кыргыздар өздөрүнүн элдигин нечен кылымдардан бери сактап келген. Ошондуктан баатыр элдин тарыхы да Баатырлык окуялар менен толгон. «Моголстандын жапайы арстандары» деген баа кыргыздардын улуттук мүнөзүнө, Баатырлык сапатына, жоокерлик шайдоот шаңына жараша берилген. Кыргыз эли уул-кыздарын жаштайынан «эл четинде, жоо бетинде» тайманбай турууга, эрдикке тарбиялаган. Эр жүрөктүүлүк, чыдамкайлык, Ата-Журт үчүн курман болууга даяр сыяктуу сапаттар элдик духка айланган.
Думай позитивно ...
Сообщение отредактировал Леди - Понедельник, 27.04.2015, 20:59 |
|
| |