[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Нооруз майрамы тууралуу
ElizaДата: Пятница, 27.03.2015, 13:02 | Сообщение # 1
Модератор
Группа: Администраторы
Сообщений: 135
Репутация: 1000
Статус: Offline
Нооруз - Орто Азия, жакынкы чыгыш элдери илгертеден бери майрамдап келе жаткан жаңы жыл, жаз майрамы. Ал күн мене түн теңелген мезгилде, башкача айтканда жалган куран айынын 21-22 тартып, ошол эле айдын 25 не чейин уланган.

Байыркы бабаларыбыз табиятты дайыма өлүп-тирилип туруучу жандуу нерсе катары баалашкан. Күз мезгилинин келиши менен жер жүзүндө жаратылыш өзүнүн мурдагыдай көрөкмдүгүн жогото баштаган. Ал эми кыш мезгилинде жашоосун убактысынча токтоткон. Табияттын мындай кыймылсыз мезгили жалган куран айынын 20 сына чейин уланган. Үч мезгил өтүп, амал мезгилинин келиши менен табият кайра тириле баштаган. Демек, "Амал кирди-жан кирди" деген сөз ата-бабаларыбыздын өткөндөгү жаратылыштын өзгөчөлүктөрүнө карай болгон көз караштарын аныктап тургандай. Жалган курандын 21-22 тартып күн акырындап узарып, түн кыскара баштайт. Жер кыймылга кирип, көктөм баралына келет. Жаратылыштын мына ушул кыймылга кирүү мезгилин күтүшкөн ата -бабаларыбыз жыл эсебинин башталышын уулу майрам Ноорузга байланыштырышкан. Нооруз - жаңы жыл, жаңы күн деп белгилешкен. Айрым бир маалыматтарга караганда, Нооруз жаңы жылдын биринчи күнү, Фарсы тилинде "Наврус" - бул "нва" - жаңы, "рус" - күн - "Жаңы күн" дегенди билдирет.

Иран уламыштарынын эсеби боюнча, өткөн мезгилдерде Нооруз күндүн жайкы саратан мезгилине туура келген экен. Кийин артка жылып, жалган куран айына калыптанган. Эми, ал бүтүн жыл бою ага кызмат кылуучу бир маалда, башкача айтканда, жамгырдын алгачкы тамчысы тамгандан тартып, гүлдөр жер бетинде ачылганга чейин, бак - дарактар гүлдөгөндөн тартып, мөмөлөр бышканга чейин, жан - жаныбарлар бири - бири менен жакындашып, төлдөгөнгө чейин, өсүмдүктөр өнүп чыгып, сөңгөгү ката баштаганга чейинки мезилди камтыйт.

Айрым бир маалыматтарда Нооруз Кудай адамды жараткан жети күндүн биринчиси деп берилсе, Күн менен Ай асмандын эки көзү сыяктуу, Нооруз менен Мээрман доордун эки көзү деп белгиленет. Ал - Маүмун Али ибн Муса ар - Ризадан нооруз туралуу сураганда ал: "Нооруз" - периштелер сыйлаган күн, анткени, алар ушул күнү жарык дйүнөгө пайда болгон. Аны пайгамбарларда ыйык көрүшкөн. Себеби Күн ушул күнү жаратылган. Сөз жок, ал доордун биринчи күн" - деп айткан экен. Абдысамат ибн Алинин айтканына караганда, "Нооруз күнү" Пайгамбар Алейхис Саламга халба салынган алтын мискейди соога берет. Ошондо Пайгамбар: "Бул эмне?" - деген. "Нооруз", - деп жооп кайтарышкан. Пайгамбар: "Нооруз эмне?", - деп сураган. "Адамдардын улуу айты", - деп жооп беришкен. Ырас, бу ушундай бир күнү Алаа Таала пенде Аскарына тирилттирген деген. "Аскарасы эмне?" - деп сурашаканда Пайгамбар: "Алар көптүгүнө карабай, өлүмдөн коркушуп өз мамлекетинен качкан адамдар. Алаа Таала аларга: "Өлгүлө", - деп буйрук кылган. Кийин аларды ушул Нооруз күнү тирилттип, рухтарын өздөрүнө кайтарган. Ошол себептен адамдар Нооруз күнү суу сепкенди адатка айландырып алышкан ", - деп айткан экен. /Мурас № 1, 92/
 
ElizaДата: Пятница, 27.03.2015, 13:03 | Сообщение # 2
Модератор
Группа: Администраторы
Сообщений: 135
Репутация: 1000
Статус: Offline
Ал эми көп жашап, көптү билген калкыбыздын кутман карыларынын "Нооруз" туралуу айткан сөздөрүнө көңүл бурсак, кыргыз элибизде байыртадан бери эле эски жылды узатып, жаңы жылды тосуу, ага карай ар кандай даярдыктарды көрүү иштери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келгени тууралуу кабарлайт. Алардын берген маалыматтарына караганда, жаңы жылды тосуп, аны өз деңгээлинде өткөрүү иш - аракеттерин "Жыл ажыратыш" деп коюшкан. Анда "Эски жыл ажырарда, жаңы жыл жалгады" деп айтылат. Бул күнү кыргыздар арча, чекендини күйгүзүп, үй ичин жана мал короо - жайын "Алас, алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетти, жаңы жыл келди", "Жер жарылып, чөп чык, желин айрылып, сүт чык" деп аласташкан. Ошондой эле адамдар бири бирине жаңы жылдык жакшы каалоолорун билдиришкен, сый белектерин тартуулашкан.

Нооруз майрамына ар бир үй - бүлө өз алдынча даярдык көрүшөт. Майрамдын алдында адамдар таза жуунуп, таза кийимдерин кийинишет. Үй ичи, короо - жай, көчө тартипке салынып, тазаланат. Кир кийимдер жуулуп, бүтө элек иштер жаңы жылга калтырылыбай бүткөрүлөт. Нооруз майрамы күнү ичинде таарынычы бар адамдар кол кармашып, чын дилден бири - бирин кечиришип, жарашышат. Баардык араздашуу эски жыл мене кетти деп эсептешкен жана андан кийин ал тууралуу эч бир көңүлгө алып, кеп козгошпойт. Айыл арасында майрамдык шаң өкүм сүрүп, ар түрдүү улуттук оюндар ойнолуп, эл ыракатка батышат. Ошону менен бирге, ар бир үйдө Нооруз дасторконунун жети түрдүү даамдан турган тамактарынын берекеси даярдалат. Нооруз дасторкону ар бир үй-бүлөдө өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Мисалы, Орто Азиянын жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө Нооруз дасторконуна коюлган даамдар араб жазуусундагы "Сын" / "С" / тамгасы менен башталган жети түрлүү нерседен турат экен. Дасторкондун ортосунда тал, зайтун, биалма, анар, тыт өңдүү дарактарынын калемчесинен жети даана коюлат. Бир идишке суу, экинчи бир идишке кайсы бир дарактын жалбырагы калкып турушу лазым болгон. Мындан тышкары, дасторконго атайы бышырылган чоң нан, айран, сүт, быштак, жумуртка, канаттуулардын эти, кургатылган мөмөлөр, жаңгак, бадам, мисте, балык ж. б. коюлган. /Мурас, № 1, 92/

Кыргыздар жыл ажыратыш күнүнө карай арпа, буудай, жүгөрү, ж. б. өндүрүшүп, аны сокуга түктөшүп, акталган данынан чоң көжө жасашкан, ал - табияттын өлбөстүгүн айкындоочу, дүйнөнүн, жашоо - турмуштун гүлдөп өнүгүшүнүн даамы катары бааланган. Сүмөлөк /Чоң көжө, жыл ажыратыш көжөнү Орто азия жана Жакынкы Чыгыш элдери "көк байлоо" деп аташат. Сүмөлөк жасаган аялдар келген меймандарга, жаштарга аз - аздан "көк байлоодон" тартуулашат. Көк алгандар өз энчисинен башкаларга дагы бөлүшкөн. Мунун өзү адамдарга узун өмүр, жаштык жана бакыт каалоо дегендикке жаткан.

Илгери Нооруз /Жыл ажыратыш майрамына арналып жасалган чоң көжө даяр болгондо, айыл адамдары атайы үймө - үй кыдырып ичишкен жана ал үйгө таза дилинен жакшы каалоолорун айтышкан. Жаштар алты бакан курушуп, ар түрдүү оюндарды ойноо менен кумарларын жазышкан. Айрым бир уламыштарга караганда, Хисравдын атасы Хармозд арпа өскөн эгин талаасынын жанынан өтүп бара жатып, арпага кое берилген суу эгин талаасынан өтүп, жолго чейин агып жатканын байкайт. Ошондо: "Арпа - аманчылык даны, анын чөбү жакша чөп. Арпаны аралап өткөн, же болбосо андан чыккан суу чарчоону басып, ашказан ооруларын айыктырат. Бул суудан ким ичсе, жаңы жылдын арпа бышыгына чейин ар кандай оорулардан сакталган болот", - деп айткан экен. Ал эми Мухаммед Алейхис-Салам: "Арпа уну таңсык даам. Денеңизден кубат кеткен убакта арпа нанын көбүрөөк жеш керек", - деп айткан экен. Демек, арпа унунун нанын жана көк чөбүнөн даярдалган даамдуу тамакты элибиз байыртадан бери кадырлап келе жатышы бекер жерден болбосо керек. Ирандыктар да, Турандыктар да арпа эгүүнү жакшы билишет. Арпа сүмөлөк бышырыш үчүн алгачкы көк чөп деп аталат.
 
ElizaДата: Пятница, 27.03.2015, 13:04 | Сообщение # 3
Модератор
Группа: Администраторы
Сообщений: 135
Репутация: 1000
Статус: Offline
Жакынкы чыгыш жана Орто Азия элдери Нооруз жуманын кайсы күнү келсе, жылдын кандай болушу тууралуу атайы түзүлгөн жылнаамалар аркылу билип келишкен. Мисалы, 14 - 15 кылымдарда Түркстанда түзүлгөн жылнаамадан төмөндөгүдөй мааламаттар берилген.

1. Нооруз - жекшемби күнү

Ал Күнгө таандык. Жылнаама боюнча бул жыл арзанчылык болбогону менен токчулукка карк болор. Ушак, жаманчылык аз болор. Гозо пайдасы көп болор. Тоодогу пализге, чарбактагы эгинге береке толор, гозо жылы башында жакшы болуп, аягында кымбаттап, арийне базарда тез өтөр. Өлүм - жетим болбостур.

2. Нооруз - дүйшөмбү күнү

Ал Айга таандык экен. Бул жылы арзанчылак болбос, дан көп болор. Жамгыр жаайт, падышычалыктан кудурети кетип, пахта көп болор. Пализдерге табигый кырсык тиер. Күнжүт менен таруу мол, буудай аз болор. Кар, жамгыр жыл башында болбостур. Көк эгин жакшы чыгар. Зарыл жер - жемиштерге ачарчылык келер. Жыл аягында кар жаап, бирок тез эрип кетер. Базарчынын жолу тозулбай, алуучулар көп болгондуктан базар тез өтөр.

3. Нооруз - шейшемби күнү

Ал күн Марска таандык экен. Бул жылы арзанчылык болбостур, аштык мол болор. Бирок, кан төгүлүп, элден ырайымдуулук качса керек. Пенде кожоюнунан, кыз энесинен, уул атасынан, аял эринен ажырашат. Жаман, тар пейил аралайт. Падыша шейит кетер. Бул жылы эрте айдаган эгин жакшы. Чакан-чакан пализге айдалган жашылчалап аз болор. Кар аз жаашы этимал. Жыл аягында көп сел болуп, адам баласы чыгым тартар.

4. Нооруз - шаршемби күнү

Ал күн Меркурийге таандык экен. Ал жыл каатчылык болор. Ачкачылыктан кан төгүлүшү ыктымалдыр. Ушак-айың, көрө албастык көп болор. Бирок тез өтүп кетер. Ал жылы жашылча көп, жыл аяктаганда буудай, арпа кымбаттай баштаар. Жылан, чаян көп болоор. Нокот менен тартууга береке дөөлөт берсин.

5. Нооруз - бейшемби күнү

Ал күн Юпитерге таандык. Бул жыл жемиш мол болчудай. Ай, күн тутулат. Оору көп болуп, бирок акыры жакшылык менен аяктаар. Бул жылы мол тамак камдоо абзел.

6. Нооруз - жума күнү Ал күн Венерага (Зуура) таандык. Бул жылы падышалардын абалы кыйындаса керек. Балдар тапан чыгып, эр азамат аталар. Жамгыр көп жаап, катуу суук болор. Ал жылы арзанчылык, жер-жемиш дүйнөдө мол, бакырлар арсында буудай, тааргууга арзанчылык келер. Эгин кеч бышып, мөмөлөр көп, өлүм-житим аз болор. Базарчынын жолу оңолбос.

7. Нооруз- ишемби күнү

Ал күн Сатурнга таандык экен. Ал жылы ушак сөз менен шек саноо көп болор. Жаз айларында шамал көп согуп, дегеле кан көп агат. Залимдер, наадандар жана уурулар дөөлөт башына келиши ыктымал. Жер-жемиш мол болгону менен жыл аягында каатчылык каптаар.
 
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: