Воскресенье, 20:40
[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
ЭТ НАН
ElizaДата: Понедельник, 27.04.2015, 21:09 | Сообщение # 1
Модератор
Группа: Администраторы
Сообщений: 135
Репутация: 1000
Статус: Offline
Камыр үчүн:
Ун Суу: 1 стакан
Оливка майы: 5 чоң кашык
Дрожж: жарым чай кашык
Шекер: 1 чай кашык
Туз: 1 чай кашык


Фарш үчүн:
Эт фаршы: 250 г
Помидор: 4 даана
Петрушка: 1 боо
Туз

Кантип жасалат?
Жылуу сууга көрсөтүлгөн азыктардын баарын кошуп жумшак камыр жууруйсуз да, жылуу жерге коюп 1 саат тыныктырасыз. Бул учурда фаршты даярдайсыз. Ал үчүн помидор менен петрушканы майда туурап, фаршка кошуп аралаштырасыз. Татымына жараша туз кошосуз. Майланган колуңуз менен камырды бир нече бөлүктөргө бөлүп аласыз. Түбү майланган калыпка коюп колуңуз менен жалпайтып тегерекче жасайсыз да, ортосун чуңкурайтып ал жерге фарштан салып коёсуз.


Прикрепления: 7568681.jpg (9.2 Kb)
 
ДобраяДата: Суббота, 09.05.2015, 11:46 | Сообщение # 2
Проверенный
Группа: Модераторы
Сообщений: 40
Репутация: 0
Статус: Offline
Жапкан нан – камыры суюгураак жуурулуп, камыр турушка ачытылат. Очокко от жагып, чок пайда болгондо казанды какшытып ысытат. Казан какшыганга чейин ачыган камыр­дан үзүп алып, ар биринин диаметри 15—20 сантиметр болгудай эсеп менен тоголоктоп, туз себилген казандын бетине 2 сантиметр калыңдыкта тегиз жукарта жабыштырат. Казанга камыр жакшы жабышып катканда, камырдын бети­не жумуртка чалынган сүттү тегиз сыйпайт. Казандын ички бетин чоктун табына каратып кыйшыгыраак көмөрүп, кызарып бышканча коёт. Бышпаган жагын чокко карата улам айландырып турса, текши кызарып бышат.

Көмөч нан – ачыган камырды майлаган көмөчтанга өлчөп салып, үстүн жаап чокко бышканча көөмп коёт. Азыр көмөч нан көбүнчө духовкада бышырылат. Көмөч нандын загыра көмөч нан, коруштуу көмөч нан, пияз көмөч нан, май көмөч нан, каттама көмөч нан деген түрлөрү жасалат.

Дандыр нан – жапкан, калама нан, көмөч нандан жегиликтүүлүгү, даамы, жумшактыгы, сапаты боюнча айырмаланат. Дандыр нандын сапаты ундун сортуна, сүт, май, түрдүү татымал уруктардын кошулушуна жараша болот. Унга сүт, май, айран, жумуртка, татымына жараша туз кошуп камыр жууруп, ачытат. Дандырга от жагып, ыш калтырбай ичи тегиз кызартылат. Чогун ортосуна үйүп, кызыган дандырдын бе­тине колго кийилген жеңче менен нанды жабыштырат. Нан кызарып бышканда алынат. Нанды жабарда бетине айран, чыгарганда жумуртка чалынган сүт шыбалат, ал нандын бетин жылтылдатып кооз көрсөтөт. Дандыр нандын кошулган продуктуларына, жасалыш технологиясына, наабайчынын устаттыгына карата бир нече түрү жасалат.Элдик салт боюнча сый конок келгенде дайыма мал союлууга тийиш. Кыргыз эли малдын ич этинен түрдүү тамак жасоонун сырларын билишет. Чучук, жөргөм, быжы жасоо жагынан улутгук ашкананын өзгөчөлүгүн байкоого болот. Ал эми эттен жасалуучу беш бармак элдин эң жогорку сый тамагы. Бирок эт жалаң гана беш бармактын азыгы эмес. Улутгук ашканада куурдак, гүлчөтай, манты, оромо да эң даамдуу жасалат.
Прикрепления: 5407203.jpg (80.5 Kb)


Сообщение отредактировал Добрая - Суббота, 09.05.2015, 11:46
 
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: