Eliza | Дата: Пятница, 27.03.2015, 13:10 | Сообщение # 1 |
 Модератор
Группа: Администраторы
Сообщений: 135
Статус: Offline
| Сүмөлөк абдан даамдуу жана даарылык касиети бар тамак деп дагы айтсак болот. Ал гиперетония оорусуна жакшы таасир берсе, кандын составын керектүү заттар менен камсыз кыла алат экен. Ошондой эле, тамак синирүүнү жакшыртуу менен уйкуну дагы нормалдаштырып, кыскача айтканда кыштан кийин алсыз болуп калган адам организимине эн жакшы таасир берерин дарыгерлер далилдешкен экен . Сүмөлөк күрөң түстө болуп, кичине балдар үчүн даярдала турган буламыкка окшош болуп, абдан жегиликтүү болот.Сүмөлөк жазында даярдалып, адата бир канча үй-бүлө биригип, башында улуу адамдар болушу шарт деп айтылат. Себеби, алар сүмөлөктү жасоо прцессинде баш-көз болуп, анын ойдогудай толук бышышын көзөмөлдөшөт. Ага чейин бир нече күн мурун буудайдын эң мыкты сортун тандап, буудайды өндүрүү керек. Буудайды муздак сууга таза жууп, аны 2-3 күн сууга чылап койгондон кийин, буудайды суудан алып, тактайдын үстүнө төгүп, үстүн марли менен жаап жарык жерге кою керек. Бирок, күндүн нуру тике тийбеши керек, буудай баш алгыча 3-4 күндүн ичинде бир аздан суу сээп койуп туруу абзел. Качан буудай 4-5 см баш алганда, буудайды жанчып, андан чыккан суюктукту бөлүп алуу зарыл. Кайра суу куюп, дагы 2-3 жолу суюктугун чыгарып алууга болот. Андан кийин, казанга өсүмдүк майы куйулуп, ысытылат. Бир аз муздаган майга ун салып, бир аз кууруп, андан соң буудайдан биринчи алынган суюктук куюулат. Мында куурулган ун бири -бирине жабышып калбашы үчүн ал аралыштырылып турулушу керек. Казан бир аз кайнап келгенде, экинчи идиштеги суюктукту куят, кийин үчүнчү идиштеги суюктук дагы куюлат. Суюктуктар куйулуп бүткөн соң, токтобостон тең салмак менен аралаштырылып туруу керек. Сүмөлөктү казандын түбүнө тартып кетпеши үчүн жаңгактай болгон таштар салынат. Сүмөлөккө грек жаңгагы жана даамы дагы жакшырыш үчүн кумшекер да салышат. Отту өтө күчтүү жакпастан, бир калыпта жагып, бышкыча улам- улам аралаштырып туруу керек. Казанды бааары аралаштырууга ашыгышат. Себеби, казанды аралаштырып жатып, ар ким ичиндеги ой –максат, тилектерин айтса, анын бул ойлору ишке ашат деген ишеним бар. Сүмөлөк толук бышып даяр болушу 12-14 саатты талап кылат. Анын бышып калганы койуу тартып, сүмөлөктүн бетинде майда-майда бүтүкчөлөр пайда боло баштайт. Андан кийин казандын алдындагы от алынып, казандын бети капкак менен жабылып, таң атканча жылуу жабылат . Эртеси түнү менен сүмөлөк бышыргандар бата кылып, жакшы тилектерин айтышып, казандын бетин ачып идиштерге бөлүп, сүмөлөктү таратышат. Казандын бетин ачканда, “сүмөлөктүн бетине Теңир бир белги таштайт” деп, сүмөлөктүн бетиндеги чиймелерди жакшылыктарга жоруп, тилек айтышат.
|
|
| |