tynalieva | Дата: Среда, 25.03.2015, 15:18 | Сообщение # 1 |
 Новичок
Группа: Модераторы
Сообщений: 12
Статус: Offline
| Улуттук кийим - ар бир элдин өзгөчөлүгүн билдирген кылымдан кылымга,атадан балага өтө турган,тарыхтын, мааданияттын бөлүгү . Мындай салт-санаа кыргыз элине да тиешелүү. Кыргыз элинин улуттук кийимдери аркылуу жаш өзгөчөлүктү, куракты да аныктоого болот. Маселен, жаш кыздардын баш кийими – топу. Ал секелек кыздардын кыймыл-аракетине, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан. Ал эми шөкүлө – турмушка даяр болгон бойго жеткен кыздардын назиктигин, кыймыл-аракетиндеги ийменүүчүлүктү, уяңдыкты, токтоолукту билдирип турат. Элечек – орто жаштан өткөн аялдарга тиешелүү болуп, алардын жаш өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат.
tsyrga
|
|
| |