Eliza | Дата: Пятница, 27.03.2015, 12:52 | Сообщение # 1 |
 Модератор
Группа: Администраторы
Сообщений: 135
Статус: Offline
| Жер планетасындагы жыл, адатта, он эки айга бөлүнөт. байыркы замандан бери жыл сүрүү, анын ичинде ай аталыштарын колдонуу боюнча өз алдынча системаны да пайдаланып, эл аралык тажрыйбаны да эске алып келген.Кыргызча айлардын аттарын сыпаттап берүүдө Евразияда, анын ичинде Борбордук Азияда таркаган жыл эсебинин системаларын туура таразалоо керек.Биринчиден, Борбордук Азияда ар кыл түрдө жыл эсеби жүрүп келген. Бири - күн жылнаамасына (календарына) негизделсе, экинчиси - ай жылнаамасына таянган.Күн эсеби менен бир жыл 365 (366) күн болсо, ай эсеби менен 354 (355) күн болгон.Бул айларды европалык салттын айына механикалык которуу кылуу туура эмес, анткени орустун айы күн эсеби менен эсептелген айдан 20 (21) күн айрымасы бар.Этнограф Гродеков тарабынан жазылган айдын аттары араб тилиндеги күн эсеби менен жазылган айлардын аттары.
Бул ай эсебиБорбордук Азияда, Ооганстан, Пакистан, Индиядада колдонулат. Арабча деп жазылган ай календарына негизделген ай аттары Ислам дининин жыл эсеби болуп бардык мусулман өлкөлөрүндө колдонулат.Кыргыздын нагыз ай аттарын ирээттөө жана аларды азыркы европалык календарга салыштырма тогоштуруу - академик, профессор Кусейин Карасаевдин вариантында ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.
Кыргызча Орусча
Жалган Куран Март
Чын Куран Апрель
Бугу Май
Кулжа Июнь
Теке Июль
Баш Оона Август
Аяк Оона Сентябрь
Тогуздун айы Октябрь
Жетинин айы Ноябрь
Бештин айы Декабрь
Үчтүн айы Январь
Бирдин айы Февраль
|
|
| |