Понедельник, 14:46
[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Кыргыз Республикасы
AdminДата: Вторник, 17.03.2015, 12:58 | Сообщение # 1
Эксперт
Группа: Администраторы
Сообщений: 22
Репутация: 1000
Статус: Offline
Кыргыз Республикасы - Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет.

Кыргыз Республикасынан аймагыбатыштан чыгышка карай 900 чакырымга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 410 чакырымга созулат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң квадрат чакырым.

Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери - 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери -
 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан - тоолуу өлкө. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен байлыктар бар.

Кыргыз Республикасынын климаты - континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы - Нарын. Ысыккөл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.

Кыргызстандын калкы 5 миллиондон ашуун адам. Анын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улаттар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тили; ырасмий тил – орус тили.

Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда – борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман тоо, өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.


Кыргыз Республикасынын борбор шаары – Бишкек.
 
AdminДата: Вторник, 17.03.2015, 13:08 | Сообщение # 2
Эксперт
Группа: Администраторы
Сообщений: 22
Репутация: 1000
Статус: Offline
Кыргызстандын административдик бөлүнүшү
Кыргызстандын курамына 7 област, 40 административдик райондор, 22 шаар жана 429 айыл-кыштактар кирет. Облустары (Бишкек шаарынан башкасы):
Бишкек - Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий, өнөр жай жана маданий борбору жана өлкөдөгү эң ири шаары. Өзгөчө бир административдик бирдиги. 1878-жылы негизделген. Аянты 12,7 миң га. Калктын саны - 874,4 миңге чукул (2012). Бишкек шаары - саясий, экономикалык, илимий, административдик жана тарыхый-маданий борбор, республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер.
 
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: