[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Талас облусу тууралуу негизги маалымат.
tynalievaДата: Среда, 25.03.2015, 14:46 | Сообщение # 1
Новичок
Группа: Модераторы
Сообщений: 12
Репутация: 0
Статус: Offline
Талас облусу Кыргызстандын түндүк батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан облус. Жалпы аянты 11 400 км², калкынын саны 2011-жылдагы эсеп боюнча 231 800 адамдан турат. 
Облустун борбору Талас шаары эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделген. Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка деп өзгөртүлүп, Дмитриевка борбор катары шаар деп белгиленет. 
Бирок Талас облусу аймак катары 1944-жылга чейин Чүй облусунун бир бөлүгү катары эсептелинип келген. 1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин 22-июндагы чечимине ылайык Кыргыз ССРинин курамында облус катары уюштурулуп, борбору кайрадан мурдагы аталышы Талас шаары болуп аталган. 
1956-жылы 18-февралда Фрунзе облусуна кошулуп, 1962-жылы бул облус жоюлган соң анын аймагындагы Талас району, Киров (Азыркы Кара-Буура) району жана Ленинполь (Бакай-Ата) району Республикага түз баш ийдирилген. 
Аймактык жактан 1980-жылдын 3-сентябрынан тартып 1988-жылдын 5-октябрына чейин азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району Талас облусунун курамында болгон.
Кыргыз Республикасы Эгемендүү Республика катары жарыяланганы Талас облусунун территориясы башка аймактардын эсебинен өзгөрүлө элек. Ошондой эле облустун курамына 4 район, 36 айылдык округ, 90 айыл, 1 шаар тибиндеги кыштак кирет.


tsyrga
 
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: