tynalieva | Дата: Среда, 25.03.2015, 14:51 | Сообщение # 1 |
 Новичок
Группа: Модераторы
Сообщений: 12
Статус: Offline
| Таласым. сөзү, обону Шекербек Шеркуловдуку Токоюн бойлоп баратсам, Суктантып мени караткан. Алыстан келген адамдын, Кеткиси келбейт Таластан. Береке нуру сепкен жер, Каныкей жашын төккөн жер. Кан Бакай, Кошой баш болуп, Кабылан Манас өткөн жер. Ак чөлмөк ойноп таң аткан, Айлуу түн бизге жарашкан. Канчалык ойноп күлсөм да, Кумарым канбайт Таластан. Ак шумкар сызып учкан жер, Атагын дүйнө уккан жер. Чокусу бийик Таластан, Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер.
tsyrga
|
|
| |