tynalieva | Дата: Среда, 25.03.2015, 14:54 | Сообщение # 1 |
 Новичок
Группа: Модераторы
Сообщений: 12
Статус: Offline
| Областтын туусунун жердиги кызыл болгон себеби – Кыргыз Республикасынын туусунун өңү кызыл, ошондуктан конкурстун шартына ылайык кызыл түс жердик катары кабыл алынды. Туунун ортосунда -теңирчиликтин белгиси. Ал көк түстөгү төрт чарчы алкакка алынган. Төрт бурчтук-бул төп келишүүчүлүктү, шайкешткти туюндурат. Көк түс-Көкө Теңирдин түсү, чексиз ааламды түбөлүк жашоону ассоциациялайт. Теңирчиликтин белгиси-бул көчмөн турмушта жашап келсе да көчмөндөрдүн философиясын иштеп чыгып, сактап, анын руханий эволюциясын камсыз кыльш, өткөн доордон биздин күндөргө жеткирип кыргыз элинин улуулугунун символу. Талас кыргыздардын тарыхый борбору. Ошондуктан Талас ХХ кылымда экономикалык ийгиликтер менен эмес, кыргыздын руханий потенциалы, тереңге кеткен тарыхы бар эл экендиги далилдеген аймак катары тарыхка кирип калды. Мындан ары да Талас кыргыз элинин руханий келечеги бар эл экендигин символдоштуруп турган аймак катары сакталып кала берери шексиз. (Манастын күмбөзүнүн жанындагы Кароол Чокуга теңирчиликтин белгисин коюу керек деген идеяны дагы деле жактай берем-З.Осмоналиев). Ал эми теңирчиликтин белгисине жети көк сызыктын агып кирип, кайра агып чыгышы-жер жүзүндө канчалаган улуттар менен элдер, бүтүндөй цивилизациялар жок болуп кеткен шартта кыргыз улуту сакталып, мындан ары өнүгө берет деген ойду билдирет. Көчмөн элдин көрөңгөлүү философиясын түзүп, аны сактап бүгүнкү күндө жаңы шартка ылайыктап, «Манастын» 7 осуят түрүндө улантуу- XXI -кылымдагы кыргыздардын милдети. Областтык Кеңештин 1998-жылдыи 8-августундагы № 19/4 чечими менен бекиген областтын желегин тандоо конкурстук комиссиянын чечимннин негизинде Талас областынын желеги кабыл алынган. Автору: Осмоналиев Зайнидин Рысканович 1964-ж туулган . Талас областтык телерадиокомпаниясынын сүрөтчү-жасалгалоочусу. Талас шаары. (төмөнкү текст авторго таандык болгондуктан толугу менен өзгөртүлбөй берилди. Ошондой эле төмөн жагында кыстырмада аны далилдеген сүрөт түрүндөгү текст камтылган)
tsyrga
|
|
| |