Понедельник, 20:19
[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Кыргыз Республикасынын Гимнинин cөзү
ДобраяДата: Суббота, 09.05.2015, 11:01 | Сообщение # 1
Проверенный
Группа: Модераторы
Сообщений: 40
Репутация: 0
Статус: Offline
Кыргыз Республикасынын гимни
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеш тарабынан 1992 жылдын 18 декабрында кабыл алынган 

Сөзү / Слова: Ж.Садыкова, Ш.Кулуева.
Музыка (сы): Н.Давлесова, К.Молдобасанова.

Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар, 
Элибиздин жаны менен барабар. 
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп, 
Сактап келди биздин ата-бабалар. 

Кайырма: 
Алгалай бер, кыргыз эл, 
Азаттыктын жолунда. 
Өркүндөй бер, өсө бер, 
Өз тагдырың колунда. 

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме, 
Досторуна даяр дилин берүүгө. 
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип, 
Бейкуттукту берет кыргыз жерине. 

Кайырма: 
Алгалай бер, кыргыз эл, 
Азаттыктын жолунда. 
Өркүндөй бер, өсө бер, 
Өз тагдырың колунда. 

Аткарылып элдин үмүт, тилеги, 
Желбиреди эркиндиктин желеги. 
Бизге жеткен ата салтын, мурасын, 
Ыйык сактап урпактарга берели. 

Кайырма: 
Алгалай бер, кыргыз эл, 
Азаттыктын жолунда. 
Өркүндөй бер, өсө бер, 
Өз тагдырың колунда. 
 
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: